БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Абага көтөрүлгөндөн кийин эки мүнөттөн соң радардан жок болуп кеткен Ан-148ди чакырып жаткан диспетчердин сүйлөгөнү интернетке чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анда диспетчер 703-каттамдын экипажына кайрылып, бирок жооп ала албай жаткандыгын угууга болот.
"Саратов-703, Москва силерди байланышка чакырат", — деген аэропорттун кызматкерлеринин бири.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам байланыш кызматы аркылуу кулаган учактын ичинде КР жарандарынын жок экенин тактаган.
Бул кырсык боюнча Россиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козголду. Учак кулаган жерден адистердин айтымында, дурус эле абалда калган кара куту табылды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын өлкө башчысы Владимир Путинге Москва облусундагы учак кырсыгынан адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.