БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Борбор калаада аял менен анын эки жаштагы кызын унаа коюп кетип, энеси көз жуумп, бөбөк ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашты.
ЖКККББдан маалымдашкандай, аял ооруканага жеткирилгени менен оор жаракатынан улам көз жумган. Ал эми кызынын оң буту катуу жабыркаган (сөөгү сынып кеткен).
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кичинекей кызга операция жасалганын жана дарыгерлер консилиум өткөргөнүн билдиришти.
"Дарыгерлер кеңешип, бөбөктөн оң буту катуу жабыркагандыктан ампутациялоого аргасыз болушту", — деп маалымдашты министрликтен.
Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен эмес. Медициналык экспертиза анын соо экенин көрсөткөн. Учурда автоунаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери башталды.