Апта ирмеми: Олимпиаданын ачылышындагы калпактан космостук рекордго чейин

Sputnik

Тайванда магнитудасы 6,5ге жеткен жер титиреп, 16 киши каза болуп, 280 киши жаракат алса, эки киши дайынсыз.

Роскосмостун космонавттары Антон Шкаплеров менен Александр Мисуркин ачык космосто 8 саат 12 мүнөт жүрүп, рекорд коюшту.

Австриянын Вена шаарында салтка айланган Опера балы болду. Ал дүйнөдөгү эң белгилүү иш-чаралардан болуп саналат.

Космонавттар эмнеге күбө болушат? Космостон тартылган 11 сүрөт
Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы өттү. Бул спорттук мелдешке 95 мамлекеттен 2900 спортчу келген.

Олимпиаданын ачылышында калпак кийип чыккан Кыргызстандын спортчулары көпчүлүктү таң калдырып, суктантты. Өлкө желегин биатлончу Тариэль Жаркымбаев көтөрүп чыкты.

Falcon Heavy ракетасы космоско Tesla электромобилин алып чыкты.

Россиялык көркөмдөп муз тебүүчү Евгения Медведева жаңы дүйнөлүк рекорд коюп, кыска программасы үчүн 81,06 упай алды.

Түштүк Суданда балдарды аскер өтөөдөн бошотуу салтанаты өттү.

Бразилияда ылай кече деп белгилүү болгон Bloco da Lama фестивалы болду.

"Саратов аба жолдоруна" таандык Ан-148 учагы Подмосковьеде кулап түшүп, учактын ичиндеги 71 кишинин бардыгы каза болгон.

1 / 20
Роскосмостун космонавттары Антон Шкаплеров менен Александр Мисуркин ачык космосто 8 саат 12 мүнөт жүрүп, рекорд коюшту
2 / 20
Тайванда магнитудасы 6,5ге жеткен жер титиреп, 16 киши каза болуп, 280 киши жаракат алса, эки киши дайынсыз
3 / 20
Триоцк шаардык округундагы Солнечная көчөсү (Жаңы Москва)
4 / 20
Чили калемпирин сабактарынан ажыраткан киши. Индиянын Ахмадабада аймагы
5 / 20
Даккадагы (Бангадеш) кыш фабрикасынын кызматкери иш учурунда
6 / 20
Вена шаарында салттуу опера балы өттү
7 / 20
Сириянын эркин аскеринин согушкери Аль-Баба шаарынын (Сирия) чыгыш аймагында
8 / 20
Калифорниянын жээгиндеги фитопанктон
9 / 20
Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында XXIII кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы болду. 95 мамлекеттен келген 2900 спортчу күч сынашат
10 / 20
Кыргызстандын спортчулары Олимпиаданын ачылышында. Делегациянын курамына эки спортчу, эки машыктыруучу жана Кыргызстандын олимпиада комитетинин эки өкүлү кирген. Алардын бардыгы ак калпак жана кызыл кийим менен чыгышты. Өлкө туусун биатлончу Тариэль Жаркымбаев көтөрүп өттү
11 / 20
SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск Falcon Heavy ракетасы менен Tesla электромобилин космоско учурду
12 / 20
Париждин Сена дарыясынын Альма көпүрөсүнүн алдындагы турган кишинин эстелиги. Салт боюнча анын жардамы менен суунун көлөмү аныкталат. Эгер суу эстеликтин өтүгүнөн жогору болуп калса коркунуч бар дегенди түшүндүрөт. Андыктан экологиялык ассоциациянын Good Planet фонду эстеликке куткаруучуга күрмө кийгизип коюшкан
13 / 20
Франциянын батышындагы Ле Труа-Мутье шаарынын жанындагы Мот-Шанденье сепилинин асмандан көрүнүшү
14 / 20
Diablada Urus тобу Оруро шаарында өткөн карнавалда бийлеп жатышат (Боливия)
15 / 20
Россиялык көркөмдөп муз тебүүчү Евгения Медведева жаңы дүйнөлүк рекорд коюп, кыска программасы үчүн 81,06 упай алды
16 / 20
Түштүк Суданда аскердик кызматтан бошотууну күтүп кезекте турган бала
17 / 20
Абу-Дабиде (Бириккен Араб Эмирлиги) ралли боюнча өткөн дүйнөлүк чемпионатынан бир көрүнүш
18 / 20
Ылай кече деп белгилүү болгон Bloco da Lama фестивалына катышкан кыз. Бразилия
19 / 20
Сеулдагы хан сарайда ардак кароолдун алмашуу салтанаты
20 / 20
"Саратов аба жолдоруна" таандык Ан-148 учагы Подмосковьеде кулап түшүп, учактын ичиндеги 71 кишинин бардыгы каза болду