БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жаткан өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин алкагында премьер-министр Сапар Исаков Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди менен жолугушканын кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, саммит 10-февраль күнү башталган.
Жолугушуу учурунда Сапар Исаков менен Нарендра Моди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармакта кызматташуу маселелерине токтолушту.
Исаков Кыргызстан көп тармакта, анын ичинде Индия өлкөсү бай тажрыйбага ээ болгон саламаттык сактоо менен туризм жаатында иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Моди өз кезегинде Кыргызстанга болгон сапарын жылуу маанайда эскерип, эки өлкө ортосундагы алаканы мындан ары да жакшыртууга даяр экенин белгилеп өттү.
Дубайлык компания Бишкекке мейманкана жана бизнес борборун курууну пландап жатканы маалымдалган.