Сапар Исаков Көчмөндөр оюнуна алгачкы конокторду чакырды

Көчмөндөр оюндары быйылкы жылдын сентябрь айына белгиленген
Sputnik

ДУБАЙ, 11-фев. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Дубайда өтүп жаткан өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин алкагында Фуджейра эмиратынын ханзадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки менен жолугушуп, сентябрь айында өтчү Көчмөндөр оюндарына чакырды.

Эскерте кетсек, иш-чара 10-февралда башталган. Исаков буга чейин да бир топ жолугушууларды өткөрдү.

"Кыргызстан Сизди дос катары тааныйт. Мамилебиз мындан төрт жыл илгери түзүлгөн. Сизди кыргыз элинин атынан сентябрда баштала турган Көчмөндөр оюндарына чакырам", — деди премьер-министр.

Өз кезегинде ханзада ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө баасын берди.

Дубайдын банкирлери КРге инвестиция салуу мүмкүндүгүн карап чыгууга даяр
"Кыргызстан өнүгүп жатканын көрүүдөбүз. Мунун баары өкмөттүн ишинин үзүрү. Туризмге инвестиция тартууга аракет кылып жатасыздар. Визасыз режимди киргизүүгө чоң аракеттер жасалууда. 3-4 жыл мурун Кыргызстанга баргам. Биз менен салыштырып болбойт, биз жак чөл болсо, сиздердин өлкөнүн жаратылышы ажайып кооз экен. Компаниялар ортосунда келишимдер түзүлүп жатат, бул кызматташуунун алгачкы кадамдары болмокчу", — деди Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки.

Буга чейин Сапар Исаков Дубай полициясы "Акылдуу шаар" долбоорунун аналогун кантип иштетип жатканын көргөн.