БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Москвадагы көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулаган он эки жаштагы окуучу аман калганын "Московский комсомолец" гезити билдирди.
Окуя 8-февралда Твардовский көчөсүндө катталган. Басылманын билдиришинче, үйдүн алдындагы бак-дарактар менен калың кар баланын өмүрүн сактап калган.
Башка күбөлөрдүн айтымында, 12-кабаттагы үйдүн терезесинен экинчи баланын башы көрүнгөн, балким ал кулаган баланын туугандары болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Гезит кулаган баланын байкеси менен эжеси сыртка чуркап чыккандыгын да кошумчалай кеткен.
Окуя болгон жерге Тез жардам чакырылган. Гезиттин маалыматы боюнча окуучу бала Кыргызстанда төрөлгөн. Батирде андан башка байкеси менен эжеси жана жергиликтүү мектепте окуган балдар болгон. Үй-бүлө Москвага үч жыл мурда көчүп келген.
КРдин Россиядагы элчилигинен окуянын чоо-жайын жана анын кандай жагдайда болгонун аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын кабарлашты.