БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Американын Тайтусвилл шаарындагы Флорида штатында кичинекей бала оюнчуктар салынган автоматка кирип кетип, кайра чыга албай калган. Окуя тууралуу жергиликтүү ыкчам кызматы Facebook баракчасы аркылуу кабарлап, видеосун күбөлөр тартып алган.
Orlando Sentinel басылмасына куткаруучулардын бири бала оюнчуктарды утуп ойноттурган айнек кутуга кирип, бирок ошол эле жол менен кайра чыга албай калганын кабарлаган.
Басылманын маалыматына ылайык, өспүрүм автоматка утуп алган оюнчуктар чыккан жеринен кирген. Аны чыгаруу үчүн куткаруучулардын беш мүнөт убактысы кетип, акыры бала каалаган оюнчуна жеткен.
Балдар тууралуу ар кыл сезимди жараткан учурлар көп. Алардын бири — чачына муз тоңгон кытайлык окуучунун окуясын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинен окуңуздар