Казак элчисин президент Жээнбеков кабыл алып, КРде дайым ардактуу конок экенин айтты

Бозжигитов 2015-жылдан бери Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеген
Sputnik

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитовду дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Жээнбеков Бозжигитовго элчи катары кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биздин өлкөлөр дипломатиялык мамилелердин орношунун 25 жылдыгын жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгын белгиледи. Бизди эки тараптуу мамилелердин бекем негизи болгон бир туугандык, жакшы коңшулук, ажырагыс байланыштар, тилибиз жана маданиятыбыздын жакындыгы байланыштырып турат", — деди Жээнбеков.

АКШ өкүлү Кыргызстан коңшулардын эмнеси менен айырмаланарын айтып берди
Президент элчинин мындан аркы ишмердигинде ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды каалап, ал дайым Кыргызстанда кадырлуу конок болоорун белгиледи.

Бозжигитов 2015-жылдан бери Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеп келген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев тууралуу айткан сөздөрүнөн кийин эки мамлекеттин ортосундагы мамиле татаалдап, мамлекеттик чек арада маселелер жаралган. Анын кесепети Кыргызстандык экспортчуларга сезилерлик болгон. Кыйын абал жаңы президент Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги жыйынында жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин жөнгө салынган.