ТЭЦтеги авариянын азабын ким көбүрөөк тартты? Экономисттердин пикири

Бишкек ТЭЦиндеги авария экономиканын кайсы тармагына канча зыян келтиргенин мамлекеттек органдардын бири дагы так-бышык айта элек
Sputnik

Андыктан Sputnik Кыргызстан агенттиги экономика жаатындагы адистердин пикирин угуп көрүүнү туура көрдү.

Эске салсак, 26-январь күнү Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы белгилүү болгон. Мындан улам шаардыктар беш күн бою жылуулуксуз калган.

Анын кесепетинен Бишкек шаарындагы мектептер менен бала бакчалар убактылуу ишин токтоткон.

Ошондой эле бул күндөрү электр көмөк чордондоруна жана зымдарга күч келгендиктен, шаардын ар кайсы жеринде электр энергиясын берүү үзүгүлтүккө учураган.

Жумакадыр Акенеев, экономика илимдеринин доктору

Видеомост "Перезагрузка казахско-кыргызских отношений — мнения сторон"

Электр энергиясын кымбаттатуу керекпи же жокпу? Адистердин түшүндүрмөсү
— Бул окуядан эң көп чыгымды карапайым калк тартты. Биринчиден, айрым жарандар муздак үйлөрдө отуруп суук тийгизип алды. Кийин дарыга акча кетиришти. Экинчиден, кээ бир үйлөрдө батареялар жарылды. Мындан тышкары, мектептер менен бала бакчалар иштебей калган үчүн ата-энелер жумушка бара албай балдары менен үйгө отурууга туура келди. Мунун баары жарандардын чөнтөгүнө заянын тийгизбей койгон жок. Ал эми энергетика тармагынын өзүн айтсак, ТЭЦтин ичиндеги чыгымдардан тышкары, ар кайсы жерлерде чыңалууну көтөрө албаган трансформаторлор, зымдар бузулуп жатты. Аларды калыбына келтирүү үчүн каражат жумшалды.

Расул Тулеев, экономист

Экономист Расул Тулеев

— ТЭЦтеги авария Кыргызстандын экономикасына эбегейсиз чыгым алып келди. Биринчиден, окуянын кесепетин жоюу үчүн өлкөнүн бюджети күтүлбөгөн чыгым тартты. Экинчиден, окуя бийликтин имиджине көлөкөсүн түшүрдү. Бишкек мэриясынын, Улуттук энергохилдингдин шалаакылыгынан кабар берди. Мындай окуялардан кийин чет элдик инвесторлор бийликтин стратегиялык ой жүргүртүүсү жок экен деп түшүнүп, Кыргызстандагы долбоорлорго каражат салуудан баш тартышы толук ыктымал. Бул нерсе экономикабызга таасирин тийгизбей койбойт.

Искендер Шаршеев, финансист

Исполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов Искендер Шаршеев

— Бишкек жылуулук борборундагы авариядан жабыр тарткандар дагы, пайда көргөндөр дагы болду. Мисалы, карапайым жарандар суук тийгизип алып ооруса, буларга дары-дармек сактан фармацефтикалык компаниялардын кирешеси көбөйдү. Биздин изилдөөлөргө караганда, ооруп калган үй-бүлөлөр дарыга эле 1,5-2 миң сомдун тегерегиндеги акча коротушту. Ал эми бизнеске катуу таасирин тийгизди деп айтууга болбойт.

Кубан Чороев, экономист

Экономист Кубан Чороев

Жылуулуктун акчасы 5 күндү кыскартканга карабай айрым шаардыктарга эки эсе көп чыкты
— Шаар тургундары жана алар иштеген ишканалар бир топ чыгым тартканын айтпасак деле түшүнүктүү. Анткени акыркы жылдардагы эң суук күндөр болгону аз келгенсип, батирлер дагы муздак болуп турду. Мындан улам айрымдарга суук тийип, кызматкерлери жумушка келбей калган ишканаларда иш басаңдап же үзгүлтүккө учурады. Негизи ТЭЦтеги авария форс-мажордук абал эмес. Штаттык режимде иштеп жатып болгон окуя. Бул жерде сөзсүз жоопкерчиликтүү адамдардын күнөөсү бар. АКШ же Европа өлкөлөрүндө мындай кырдаал болуп, ишкерлер жабыр тартса, ТЭЦти сотко берип, чыгымдардын ордун толтуртушмак. Эми бизде андай маданият калыптынган эмес. Ошондуктан ишканалар өз чыгымдарын өздөрү тартып кала берет.

ТЭЦтеги окуядан кийин өкмөт башчы энергетика тармагындагы реформаларды жүргүзүү үчүн электр энергиясы жана жылуулук үчүн тафиртерди көтөрүү маселесин койгон. Кийин бул маселенин күңгөй-тескейи боюнча серепчилер ой бөлүшкөн.