Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатына Казакстанда даярданат

Курама командага мамагенттиктин алдындагы олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын бюджетинен 603 миң сом каралган
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 12-февралдан 24-февралга чейин Казакстандын Тараз шаарында окуу-машыгууларды өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Шевченко Кечоейраны уткандан кийин UFC рейтингинде биринчи сапка чыкты
Маалыматка ылайык, балбандар 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте өтө турчу күрөш боюнча Азия оюндарына даярдануу үчүн жөнөтүлүп жатат.

Курама командага мамагенттиктин алдындагы олимпиалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 603 миң сом каралган.

Окуу-машыгуудан эки машыктыруучунун көзөмөлүндө 10 спортчу өтмөкчү.

Ал эми кыздардын командасы Чолпон-Атада машыгып жатканы белгилүү.