Былтыр күн сайын 67ден кылмыш кылынып турган. ИИМдин отчету

2017-жылдын ичинде бардыгы 24 712 кылмыш катталып, 23 551 кылмыш иши козголгон
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Былтыр 2016-жылга салыштырмалуу кылмыштуулук 0,8 айызга азыраак катталган. Бул тууралуу ИИМ жыйынында министр Улан Исраилов билдирди. 

"Былтыркы жылдагы кырдаалды анализдеп көрсөк, 2016-жылга салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны кыскарган", — деди Исраилов.

2017-жылдын ичинде бардыгы 24 712 кылмыш катталып, 23 551 кылмыш иши козголгон.

Жээнбеков: баӊгизаттарды көзөмөлдөө начарлап кетти
Ал эми 20 392синин бети ачылып, 17 292 иш сотко өткөн.

Эске салсак, жаңы жылдын алдында көпчүлүк кыргызстандыктардын майрамдык маанайын өлкөдөгү аеосуз карактоолор туурасындагы маалыматтар бузган. Ал эми 15-январда премьер-министр Сапар Исаков өкмөт мүчөлөрүнүн көңүлүн өлкөдөгү курчуп бараткан кылмыштуу кырдаалга бурган.