Бишкекте оттоп жүргөн жылкыларды милиция айдап кетти. Сүрөт

Милиция кызматкерлери жылкыларды Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнүн короосуна айдап келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ээсиз жүргөн жети жылкы "102" батальонунун ыкчам кызматкерлери тарабынан табылганын шаардык милициядан билдиришти.

Аймактын тургундары жылкылардын жүргөнү боюнча билдиришкен.

1 / 2
Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ээсиз жүргөн жети жылкы "102" батальонунун ыкчам кызматкерлери тарабынан табылды
2 / 2
Аймактын тургундары жылкылардын жүргөнү боюнча билдиришкен.

"Жарандар үйлөрдүн жанында ээси жок жети жылкы жүргөнүн билдиришти. Окуя болгон жерге батальондун ыкчам кызматкерлери чыгып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Согумдун сонундары: касапчынын кол кесери, бөкөөлдүн эт бөлгөнү...
Милиция кызматкерлери жылкыларды Биринчи Май Май райондук милиция бөлүмүнүн короосуна айдап келип, ээсин издеп жатышат.

Биргеликте иш алып баруу үчүн кармалган жылкылар боюнча маалымат Чүй  облустук ички иштер башкы башкармалыгына да берилген.

Былтыр жайында шаарды бошонуп кеткен уй аралап, аял менен милиция кызматкерин сүзгөн.