Ош: апасы депкир менен сабаган баланын дем алуусу начарлап, абалы оорлоду

Бала түтүкчө аркылуу күнүнө 4-5 маал тамактандырылып жатат. Кан тамырлары аркылуу да күн сайын тиешелүү өлчөмдө суюктук куюлууда.
Sputnik

ОШ, 9-фев. — Sputnik. Апасы депкир менен сабап комага түшкөн үч жаштагы баланын дем алуусу начарлап, абалы оорлоду. Учурда бала аппараттын жардамы менен дем алууда. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдардын бириккен ооруканасынын Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Абдразак Камилов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Глава отделения анестезиологии и реанимации Ошской областной детской больницы Абдразак Камилов

Анын айтымында, 8-февраль күнү баланын дем алуусу кескин начарлап кеткен.

"Ошол себептен учурда бала аппараттын жардамы менен дем алууда. Апасы сабаган 3 жаштагы Бексултан Авазов биздин бөлүмгө 3-февраль күнү кечки саат 22:49дар чамасында өтө оор абалда келип түшкөн. Жүрөгүнүн согушу начар болчу, шок абалында келген. Аппараттын жардамы менен жүрөгүнүн иштешин жандандырып алдык. Баланын баш мээси чайкалган, акырек сөөктөрү жабыркаган. Колу-бутунда көк тактар бар эле. Эки бөйрөгү да эзилип калган. Баланын дем алуусу токтоп калууда. Баш мээси да жакшы иштебей жатат. Комага түшкөнүнө алты күн болду", — деди Камилов.

Ал ошондой эле баланын баш мээсин калыбына келтирүү үчүн невропатолог адистер тартылгандыгын кошумчалады.

Жайыл: күйөөсү уруп, бычактаган 39 жаштагы аял көз жумду. Окуянын чоо-жайы
"Бала канга муктаж болуп, кан куюлду. Азыр да баланын каны керектүү нормадан төмөн учурда кан куюп турабыз. Өзүнө келип, жашап кетишин тилеп жатабыз. Бирок баш мээ өтө катуу жабыркагандыктан майып болуп калуу коркунучу бар. Мындай жаракат алгандардын 30-40 пайызы жылдап дарыланууга муктаж болуп калышат", — деди Камилов.

Бала түтүкчө аркылуу күнүнө 4-5 маал тамактандырылып жатат. Кан тамырлары аркылуу да күн сайын тиешелүү өлчөмдө суюктук куюлат.

Эске сала кетсек, Ош шаарында 24 жаштагы өз энеси депкир менен сабаган үч жаштагы бала эс-учун жоготуп, облустук балдар ооруканасынын жандандырууу бөлүмүнө келип түшкөн. Бул фактынын негизинде шектүү катары баланын энеси шаардык милиция тарабынан кармалып, ага карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шаардык соттун чемими менен шектүү эне 4-апрелге чейин камакка алынган. Аял баласын жалгыз тарбиялап келген.