Жээнбеков: укук коргоо органдарындагы коррупция криминалды баш көтөрттү

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
Sputnik

Сооронбай Жээнбеков жыйында укук коргоо органдары коррупция менен тийиштүү деңгээлде күрөшпөй жатканын белгиледи. Ал ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби коррупция экенине токтолду.

Президент ошондой эле криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоӊ суммага жеткенин эксперттердин айтканына таянып белгиледи.

"Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоӊ өлчөмдөгү акчалардын агымы — укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес. Уюшкан кылмыштуу топтор наркотиктердин транзитин жана товарлардын контрабандасын тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо, криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт", — деди президент.

Мыкаачылык чектен ашканда. Кримдүйнө менен күрөшүүгө эрк жетеби?
Президент, андан сырткары, баӊгизаттарды көзөмөлдөө кызматы Ички иштер министрлигине өткөрүп берилгенине карабай, бул багыттагы иштер начарлап кеткенин билдирди.

Укук коргоо органдары 2016-жылы 166 килограмм героин кармалды десе, өткөн жылы болгону 101 килограмм героин кармалды деп маалымат берген.

Сооронбай Жээнбеков жыйында казинолор тыюу салынганына карабай Бишкек менен Ош шаарында иштеп жаткан казинолор тууралуу эмне деп айтканын бул жактан окуңуздар.