БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин колуна кылмыш жасап жаткан жеринен кармалып, бирок кызматтык унаага отурганда укук коргоочуга ок чыгарып качып кеткен Тилек Шатманов учурда башка атты пайдаланып жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 32 жаштагы Тилек Шатманов аттуу тургунуна издөө жарыяланды. Ал Азизов Азамат Турдубекович деген ысымды колдонуп жүрүшү мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, белгисиз адам милиционерди 2-февралда түн ичинде жарадар кылган. Окуя болжол менен түнкү саат 23:45тер чамасында "Чыгыш-5" кичи районунда болгон.
Кийинчерээк шаардык милиция шектүүнүн сүрөтүн жарыялап, ага Кылмыш жаза кодексинин 28-340-беренеси (укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгонун айткан.