Ботаника багын Илимдер академиясынан бөлүү каралып жатат

Борбор калаадагы ботиникалык бакка жаңы макам берүү менен аны ар кандай көз артуулардан сактап калуу пландалып жатат
Sputnik

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакты Улуттук илимдер академиясынан бөлүү каралып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Өкмөт башчы Сапар Исаковдун тапшырмасы боюнча эми Билим берүү министрлиги менен Юстиция минисрлигине ботаника багынын жаңы макамын аныктоо зарыл.

Ботаникалык бактагы үшкүрүк. Чүрүшкөн, жыгылган, муз тоңгон өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү
Токтом долбооруна ылайык, Ботаникалык бак Илимдер академиясынын курамынан чыгарылып, өз алдынча объект катары башкаруу системасы аныкталат. Ошондо эле бакты ар кандай курулуштардан сактап калуу пландалууда.

Буга чейин жарандык активисттер аталган жайда удаа чыккан өрт кырсыктарын кызыкдар болуп жаткандардын иши экендигин айтышкан. Ботаникалык бактын аймагына ветеринардык жаңы лаборатория куруу пландалганы айтылып, ал коомчулуктун ызы-чуусун жараткан. Бир нече убакыттан кийин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Ботаникалык бакка зыян келтирбеш үчүн пландалып жаткан лабораторияны башка жакка курууну караштырууга тапшырма берген.

Исаков 2017-жылдын сентябрь айында Ботаникалык бактагы өрт жетекчилердин шалаакылыгынан чыкса, алар жазасын алышы керектигин айткан.

Ажайып бул жай мындан 70 жыл мурда түптөлүп, Ботаникалык бакка уникалдуу өсүмдүктөр бери жагы Казакстан, Өзбекстандан, ары жагы Европадан алып келинген.