Иштээрге да, ичээрге да көп жакшы деп байыркы кыргыз коомчулугунда коллективизмге көбүрөөк ыкташкан. Тең жегенди теңирим сүйүптүр деп, бар ашын ортого коюп, туугандар, уруулаштар өз ара бөлүшүп жеген. Абалкыдан уланган ажайып салттардын бир үзүмү, бир далили катары согумду айтсак болот.
Согум деген эмне?
Бир уруунун же топтун кыш күрөөдө же жаз алды сөөк жукарган кезде атайы бөлүп алуу үчүн биргелешип сойгон малы. Согумга тандалган мал жай-күз мезгилдеринде жакшылап семиртилет, эгер эркек мал болсо акталат. Азыркы кезде жакын туугандар же көп бир туугандардын ортосунда гана согум союлуп калды.
Согумдун эрежеси
Кол кесер
Кол кесер – союштун ээси ичи оорунбай бериш керек болгон, касапчынын колу таарынбасын деген эмгек акы. Ал берилсе согумдун сообу тийген, берилбесе согумдун берекеси кеткен. Бир айылдын же уруунун белдүү касапчысынын согум соеору угулса жеңелери, тели-теңтуштары кол кесерден жейбиз деп жол тосуп тамашалашкан. Жакшылыкка союлган бардык жандыктан кол кесер алынган, бир гана азага союлган союштан кол кесер алуу салтта жок көрүнүш болгон.
Согумду бөлүштүрүү
Тизгин жыяр
Согумдун түпкү маңызы — туугандар ортосундагы ынтымак-ырашкерликтин үлгүсүн улаган биримдик, түгөлдүк. Анан да кышкы-жазгы үзүмчүлүктө жаш эт жегизип кубат ыроологон, сууктан муздап, кунары кеткен көңүлдү кубанткан, алыс-жакын тууганды чогултуп жакшы маанай тартуулаган ырыстуу жөрөлгө. "Агайын ынтымак болсо ат көп, абысын ынтымак болсо аш көп" дегендей бир уруунун уулдарынын ынтымагын, келиндеринин өз ара мамилесин сынаган жосун. Эмнеси болсо элдик жөрөлгөнүн шааниси урпактарга уланганы ийги…