Салянова: кылмыш иш боюнча материалдын көлөмүн акыркы сот отурумунда билдим

Бишкек шаардык сотунда эл өкүлү Аида Салянованын соту уланууда
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын бүгүнкү сотуна анын бир нече жактоочусу келди. Ошондой эле сот залындагы тартипке 3-4 милиция кызматкери көз салууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сот залынан билдирди.

Козголгон кылмыш ишинин материалдарды 12 томдон турарын эл өкүлү акыркы сот отурумунда билгенин айтты.

"Кылмыш иши боюнча материалдар ашып кетсе 8 том болот деп ойлогом. Бирок ал 12 том экенин акыркы сот отрумунда билдик. Азыр биз болгону7 тому менен гана тааныштык. Калган 5 том менен дагы таанышууга уруксат бериңиз. Ал жакта эмне деп жазылганын билишибиз керек", — деди Салянова.

Эл өкүлүнүн бул суранычын жактоочу Рабига Сыдыкова да колдоду.

Судья Ирина Воронцова учурда жарыш сөз болуп жатканын эскертип, калган 5 том менен таанышууга уруксат берген жок.

Учурда шаардык сотто тараптардын жарыш сөзү уланууда.

Ооруп калдым! Соттолуп жаткан саясатчылар эмне дартка чалдыгат
Бишкек шаардык соту 5-февралдагы жыйынында Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, депутат Аида Салянованы үй-мүлкүн камакка алуу менен 8 жылга кесүүнү суранды. Ошондой эле прокуратура эл өкүлү жазасын дароо өтөшү керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту Аида Салянованы мүлкүн камакка алуу менен беш жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок депутаттын 2015-жылы төрөлгөн баласы 14 жашка чыкканча чечимдин мөөнөтү жылдырылган.

Эл өкүлү юстиция министринин милдетин аткарып турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын калыбына келтирип берген деп айыпталууда.