ШИИБ: бир ай мурда абактан чыккан кылмышкерлер дүкөн тоноп тутулду. Видео

Бишкекте жети дүкөнгө кол салууга шектелген, мурда соттолуп чыккан үч киши кармалды
Sputnik

Милиция Бишкектеги дүкөндөрдү карактоого шектелген үч кыргызстандык жаранды кармаганын борбор калаанын ШИИБинен билдиришти. Маалыматка караганда, тоноп жаткан учурлардын бири видео байкоого түшүп калган.

Ноокенде аялдын колу-бутун байлап, үйүндөгү 1 млн. сомун карактап кетишти
Тасмада көрүнүп тургандай, кылмышкерлер алгач дүкөндөн бир нерсе сатып алымыш болуп, кийин сатуучуга тапанча такашкан.

ШИИБ кармалгандар мындан башка жети дүкөндү тоногонун айтууда. Үч шектүү тең бир ай мурда түрмөдөн эркиндикке чыгышкан.

Каракчылар акыркы жолу 3-февраль күнү болжол менен түнкү саат 23.40да "Жал" кичирайонунда жайгашкан дүкөндө отурган сатуучуга тапанча такап коркутуу жолу менен 80 миң сомун алып кетишкен. Бул боюнча дүкөн ээси укук коргоо органдарына кайрылгандан кийин Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп издөө иштери башталган.

"Кармалгандар кылмыштуу топ түзүп, дүкөндөрдү тоноп жүрүшкөн. Алар мындан башка дагы жети күркөнү карактаган. Шектүүлөр кийинки кылмышка даярданып жаткан жеринен кармалышты", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы жылдын алдында көпчүлүк кыргызстандыктардын майрамдык маанайын өлкөдөгү аеосуз карактоолор туурасындагы маалыматтар бузду. Эми кримдүйнө менен күрөшүүгө эрк жетеби?