Кышкы Олимпиадада КРдин желегин көтөрүү шыбагасы Тариэль Жаркымбаевге буюрду

Ал буга чейин Астана шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиадада дагы өлкөнүн желегин көтөрүп чыккан болчу
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кышкы Олимпиада-2018 иш чарасынын расмий ачылышында Кыргызстандын желегин биатлончу Тариэль Жаркымбаев көтөрүп чыгат. Бул тууралуу КРдин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Эгемен Кыргызстандын спортчулары кышкы Олимпиададан эмне менен кайткан. Тизме
Кышкы Олимпиаданын ачылышы 9-февралда Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтөт. Бул мелдеште Кыргызстандын намысын тоо лыжачы Евгений Тимофеев менен биатлончу Тариэль Жаркымбаев коргойт. Тимофеев 18чи жана 22-февралда мелдештерге катышса, Жаркымбаев 13-февралда күч сынашат.

Жаркымбаев 2017-жылы Астана шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиадада дагы өлкөнүн желегин көтөрүп чыккан болчу.

Пхенчхандагы кышкы олимпиада оюндары 9-25-февралда өтүп, жалпысынан 11 комплект медаль ойнотулат.

Түштүк Кореяда өтө турган кышкы Олимпиадага катышчу кыргызстандык спортчулар эмне үчүн тийиштүү деңгээлде даярдана албай калышканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.