БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Борбор калаада суунун тарифин жогорулатуу пландаштырылып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" рубрикасында сүйлөп жатып "Бишкексууканал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиев билдирди.
Анын айтымында, ичүүчү суу максатсыз пайдаланылып, огород менен бакчаларды сугарууга колдонулуп жатат. Көйгөй өзгөчө жаңы конуштарда курч турат. Сейдалиев бир адамга суткасына 170 литр суу туура келерин белгиледи.
"Тариф көтөрүлөт. Ичүүчү суунун бир куб метри калк үчүн 5,38 сом болуп, өздүк баасы 8,1 сомго чыгат. Маселени мэрия көтөрүп, шаардык кеңеш аркылуу чечилиши керек", — деди ал.
Сейдалиев жеке сектордо суу өлчөөчү жабдууларды орнотуу пландаштырылып жатканын кошумчалады.
Ал арада өкмөт электр энергиясына болгон бааны көтөрүү маселесин козгоп, Sputnik Кыргызстан тарифти жогорулатуунун күңгөй-тескейин иликтеп көрдү.