Кандай адамдарды ит көп тиштей турганы аныкталды

Изилдөөгө катышкан 694 кишинин 172си жок дегенде бир жолу ит талаганын айтышкан
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ливерпуль университетинин окумуштуулары жүүнү бош кишилерди ит көп тиштей турганын аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Journal of Epidemiology & Community Health сайтында жарыяланган докладда айтылат.

Адамга окшоп жуунган келемиштин видеосу тарады
Изилдөөгө ылайык, ит бейтааныш жана маанайы тез өзгөрүп турган кишилерди көп тиштейт.

Изилдөөгө катышкан 694 кишинин 172си жок дегенде бир жолу ит талаганын айтышкан. Ошондой эле окумуштуулар ит эркектерге 1,8 эсе көп үрөрүн аныкташкан.

Сурамжылоо Англиянын түндүк-батышындагы Чешир шаарынын тургундары арасында жүргүзүлгөн.

Ит менен арстан кантип дос болуп, бири-бирине ынак болуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүздөр.