ИИМ Токмок, Панфилов райондук ИИБ менен криминалдык милиция башчысын алмаштырды

Иштен бошотулган жетекчилер кайсы кызматка дайындалгандыгы азырынча маалымдала элек
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. ИИМдин криминалдык милиция кызматына Нурбек Абдиев, Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигине Тилек Өмүралиев, Токмок шаарынын милициясынын башына Жалил Садыков дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Милиционердин погонун жулуп алды делген Финполдун кызматкери камакка алынды
Милициянын подполковниги Өмүралиев буга чейин Нарын облусунун ички иштер башкармалыгында экстремизм жана мыйзамсыз миграция бөлүмүн жетектеп келген. Ал эми буга чейин милициянын подполковниги Садыков Талас облусунда криминалдык кызматты башкарып турган.

Ал эми Панфилов райондук милициясынын мурдагы жетекчиси Нусупов, Чүй шаардык милициясынын жетекчиси Чойбеков, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын мурдагы жетекчиси Болпонов кызматынан бошотулду. Алардын азыр кайсы кызматка дайындалгандыгы маалымдала элек.