БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек шаарында милиция кызматкерине белгисиз адам ок чыгарган окуянын чоо-жайын айтып берди.
2-февраль түнү "Чыгыш-5" кичи районунда белгисиз адам милиционерди жарадар кылган.
Өздүк булактын маалыматына ылайык, шектүү буга чейин соттолгон. 2-февраль күнү тартип сакчылары аны кылмыш кылып жаткан жеринен кармашкан (кандай кылмыш экени азырынча тактала элек). Андан соң кызматтык унаага салып, милиция бөлүмүнө жөнөшкөн.
"Кармалган адам артына отургузулган. Унаа ичинде Свердлов РИИБинин эки кызматкери болгон. Унаа жүрүп баштаганда кылмышкер травматикалык тапанчасын алып чыгып, унаа башкарып бара жаткан милиция кызматкерине ок чыгарган. Жарадар болгон милиционер машинаны токтотоору менен кылмышкер из суутуп кетүүгө үлгүргөн. Ал эми экинчи тартип сакчы жабыркаган эмес", — деди өздүк булак.
Ок жеген милиционер ооруканага жаткырылган. Ал эми кылмышкерди кармоо үчүн "Перехват" планы жарыяланды.
Ал ошондой эле кылмышкер колго түшөөрү менен каршылык көрсөткөндүгү, бийлик өкүлүнө кол көтөрүп, өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн жазага тартыларын кошумчалады.
Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат.
Бишкек — Ош унаа жолунда кош бойлуу келин менен балдарды сууктан куткарган милиционердин окуясын Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласынан окуңуздар>>