Казакстандык жигит кыздардын сулуулук сынагынын финалына чыкты. Сүрөт

Модель болуп иштеген бала эмне үчүн мындай кадамга барганын айтып берген
Sputnik

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Алматы шаарында жашаган казак жигит кыздардын сулуулук конкурсунун финалына чейин жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

22 жаштагы Илай Дягилев конкурска катышуу үчүн сүрөтүн жиберген. Анын шымкенттик Арина Алиева деген ат менен жөнөткөн сүрөтү казакстандыктардын көбүнө жагып, конкурстун финалына чыккан. 

22-летний Илай Дягилев

Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы Илай менен жолугуп, окуянын чоо-жайын сурап кызыккан.

"Досторум менен сулуулук темасында талаша кеткем. Өзүм табигый сулуулукту жактырам. Көпчүлүк кыздар бирдей боёнуп, окшош кийинерин көрдүңөр, алар "трендди кубаласам эле сулуумун" деп ойлошот. Бирок мен андай ойдо эмесмин", — деди Дягилев.

Ал ошондой эле буга чейин кыздарда табигий сулуулук менен аялдык ажар болгонун айтып, дал ушул жаратылыш берген чыныгы сулуулукту пропагандалоо керектигин белгиледи.

1 / 2
22 жаштагы Илай Дягилев
2 / 2
22 жаштагы Илай Дягилев

"Мен конкурстун финалына чейин жетип, бардыгы чиеленишип кеткенде Арина Алиеванын чыныгы жүзүн көрсөтүүнү чечтим. Мен башкаларды алдагыла, кыздай болуп кийингиле деп деле чакырбайм. Болгону бирдей стандарттар эмес, ар бир кишинин индивидуалдыгы маанилүү экенине коомдун көңүлүн бургум келди", — деди модель жигит.

Кытайда косметикалык компанияда иштеген кыздардын чабышканы видеого түшүп калган
Чыныгы Арина Алиева ким экени аныкталгандан кийин Miss Virtual Kazakhstan-2018 конкурсунун уюштуруучулары аны четтетип, ордуна башка катышуучу алынган.

Илай Дягилев Алматы шаарында жашайт. Өзүнүн чыгармачылык командасы менен мода көргөзмөлөрүндө модель катары иштейт.

Эң чырайлуу кылмышкер аялдардын видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүз.