Бүгүн эртең менен Чүйдүн аймагында жер титиреди

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Sputnik

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Бүгүн, 3-февралда, эртең мененки саат 9.44тө Чүй облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө каттталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы Сейсмология станциясына шилтеме берүү менен билдирди.

Почему происходят землетрясения - кырг
Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Жер титирөөнүн очогу Пригородное айылынан 13 чакырым түштүк-батышта, Арпа-Тектир айылынан 16 чакырым түштүк-чыгышта, Токмок шаарынан 38 чакырым түштүктө жана Бишкек шаарынан 70 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Силкинүүнүн күчү Пригородное айылында 3 балл, Арпа-Тектир, Кегети, Кошой, Карагул жана Чоң-Жар айылдарында 2,5 баллга жеткени айтылат.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.