Ош: кайненесинин башын кесип өлтүргөн келинге соттун өкүмү чыкты

Ал эми келиндин бир тууган эжеси Ош шаардык соту тарабынан 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү бүгүн 2-февраль күнү чыкты
Sputnik

ОШ, 2-фев. — Sputnik. Ошто кайненесин мыкаачылык менен өлтүрүп башын кесип салган келинди шаардык сот 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Сузакта мугалим аялды уруп өлтүрүүгө шектелген айылдашы колго түшүрүлдү
Эске сала кетсек, 2017-жылдын 27-август күнү 10.30дар чамасында Ош шаарынын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен 40-50 жаш чамасындагы аялдын сөөгү "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан табылган. Өлүктүн башы жок экендигин жана текшерүү учурунда анын буттарын кесүүгө аракет жасалгандыгын милициядан кабарлашкан. Аялдын өлүмүнө шектелип 25 жаштагы келини жана анын эжеси кармалган. Маркум 51 жашта экендиги жана Чоң-Алайда туулган. Энеси уул-келини менен жашап келгени, ал эми кандуу окуя баласы ишке кеткен учурда болгондугу аныкталган. Келин менен кайнененин ортосунда чыр чыгып, ага аялдын баласы менен келинин жашатпайм дегени себеп болгон.

"Келин күчөтүлгөн тартиптеги абакта жазасын өтөмөй болду. Ал эми эжесин төрт жыл алты айга эркинен ажыратып, жазасын аялдар колониясында өтөө чечимин чыгарды", — деди Осмонкулов.

Бишкектин жака-белинен киши колдуу болгон эки кишинин сөөгү табылды
Шаардык милициядан билдиргендей, маркумдун кесилген башын табууга милиция кызматкерлери менен аялдын жакындары да тартылган. Бирок башты бир канча күн издешкени менен жыйынтык чыккан эмес. Кесилген баш бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.

Кошумчалай кетсек, 20 жылга эркинен ажыраган келин учурда 26 жашта жана эки баланын энеси.

Кесилген башты таштанды челектен таап алган аял окуя азыр да түшүнө кирерин айткан.