Фидель Кастронун улуу баласы өз жанын өзү кыйды

Бир нече айдан бери катуу депрессияда жүргөн Кастро Диас-Балартка медицина кызматкерлери бир канча жолу жардам көрсөткөн
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. –Sputnik. Кубанын мурдагы лидери Фидель Кастронун улуу баласы, илимдин доктору Анхель Кастро Диас-Баларт өз жанын өзү кыйган. Бул туурасында РИА Новости Prensa Latina маалымат агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Гавана шаарына Фидель Кастрону эскерүүгө 1 миллиондой адам келди
Бир нече айдан бери катуу депрессияда жүргөн Кастро Диас-Балартка медицина кызматкерлери бир канча жолу жардам көрсөткөн. Алгач ооруканага жаткырылып, андан соң амбулатордук көзөмөлгө алангандыгы кабарланды.

68 жаштагы окумуштуу Кубанын илимий маселелер боюнча кеңешчиси жана Кубанын илимдер академиясынын вице-президенти болгон. Аны менен катар инновация тармагында иштеп келген.

Анын атасы, Куба революциясынын баштоочусу жана лидери Фидель Кастро Рус 2016-жылы 25-ноябрда 90 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.