Бишкек ТЭЦинин жетекчиси биротоло иштен кетти

ТЭЦте 26-январь күнү авария болуп, борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдө жылуулуктун табы кескин төмөндөп кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу иштен биротоло алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Директор ТЭЦ Бишкека Нурлан Омуркул уулу

Билдирмеге караганда, 2018-жылдын, 30-январында премьер-министр Сапар Исаков "Электр станциялары" ишканасына Бишкек ТЭЦинин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу менен "Электр станциялары" ААКнын директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевди иштен бошотуу боюнча маселени карап чыгуу тапшырмасын койгон.

Авария болгон күнү иштеген ТЭЦ жумушчулары кызматтан айдалабы? Жетекчиликтин жообу
Ага ылайык, бүгүн, 2-февралда Нурлан Өмүркул уулу кызматынан бошотулду.

Бир аз мурда ТЭЦтин аймагында жаралган кырдаалга байланыштуу тергөө иштеринен улам Өмүркул уулу кызматынан убактылуу четтетилгени айтылган.

Эске сала кетсек, 26-январь күнү ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Мындан улам шаардыктардын үйү катуу муздай түшкөн. Бир суткадан кийин өкмөт абал жөнгө салынганын маалымдаганы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү кошумча агрегатты ишке киргизүүдө диаметри 60 миллиметрге жеткен түтүк жарылып кеткени айтылган. Өткөн шейшемби күндөн тарта үйлөрдөгү батареялардын температурасы көтөрүлө баштаган. Өкмөт жылуулук үчүн төлөмдү кайра эсептеп чыгууга убада берген.