Бир күндө эки тонна мөмө-жемиш как кылган жабдуу. Шипиловдун кезектеги ойлоп табуусу

Кыргызстандын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу Владимир Шипилов көптөгөн ойлоп табуулардын автору. Ал жыл сайын жаңы жабдууларды иштеп чыгып, өндүрүшкө ийгиликтүү киргизип келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын кезектеги эмгегин сунуштайт.
Sputnik

Бишкектин тургуну бионикалык протез жасоо үчүн өз колу менен 3D-принтер чогултту
Владимир Шипиловдун жаңы ойлоп табуусу мөмө жана жер-жемиштердин сапатын жоготпостон, экологиялык таза азыктарды даярдай алат. Жабдуу жемиштин 18 түрүн өзүнүн ширелүүлүгүнө, сортуна жана өзгөчөлүгүнө жараша кургатат. Мунун аркасында элеттик дыйкандар азыктарды убакытты жана каражатты үнөмдөп өндүрө алышат.

Шипиловдун айтымында, Ысык-Көлдө ишке киргизилген жабдуу күнүнө эки тоннага жакын мөмө-жемишти жогорку сапаттагы какка айланта алат.

"Электр жабдуу 15 килограммга чейинки салмактагы жер-жемиш, мөмөлөрдү кургата алат. Анын ичиндеги нымдуулук, температура автоматтык түрдө көзөмөлдөнүп турат. Жемиштин 18 түрүн жакшы сапатта өндүрүүгө жөндөмдүү. Мындан сырткары, Ысык-Көл облусуна дагы чоң алма бакта ушундай эле 20 тонналык жабдуу орнотулган. Бир эле учурда эки тоннага жакын жемишти кургатканга мүмкүнчүлүгү жетет", — деди Шипилов.

Ал ошондой жабдуу өз алдынча атайын программанын негизинде адам күчүн талап кылбастан өз алдынча иштей ала тургандыгын кошумчалады. Анткени жабдуунун кургатуу убактысын, температурасын алдын ала белгилеп коюуга мүмкүн.

Шипиловдун 30дан ашык саамалыгы учурда түрдүү тармактарда пайдаланылып келет. Анын эмгектери КМШ өлкөлөрүндө гана эмес, Европада да колдонулат.