Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич — өмүр баяны

Жолдошбаев 1956-жылдын 6-июнунда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында туулган.
Sputnik

Жогорку билимдүү. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун окутуучу адистиги боюнча бүтүргөн. Ал эми 2001-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетин сырттан окуп бүтүрүп, экинчи кесипке — менеджер адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1973-жылы Нарын шаарындагы темир-бетон чыгаруучу заводдо жумушчу болуп баштаган.

1978-1979 — "Колхозчу" ыктыярдуу спорт коомунун борбордук кеңешинин машыктыруучусу;

1978-1981 — Владимир Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда дене тарбия кафедрасынын мугалими;

1981-1991 — Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда окутуучу, ага окутуучу, дене тарбия кафедрасынын башчысы болуп иштеп, аталган окуу жайдын спорттук клубдарын жетектеген. 10 жылдан ашуун Кыргызстандын волейбол федерациясын жетектеген;

2005-2007 — Кыргызстандын Жогорку Кенешинин депутаты;

2016-жылдын 4-октябрында "Өнүгүү-Прогресс" саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

2003 — "Данк" медалы менен сыйланган. Ошондой эле "Манас — 1000", "Ош —3000", "Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы" эстелик медалдарынын ээси;

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.

Волейбол боюнча спорт чебери.

— Республикалык волейбол федерациясынын ардактуу президенти;

— КР ат оюндар федерациясынын вице- президенти;

— КР мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жана Бишкек гуманитардык университетинин ардактуу профессору;

— Эл аралык чыгармачылык академиясынын академиги;

— КР "Белбоо күрөшү" федерациясынын вице президенти (2011- жылы);

— Белбоо күрөшү боюнча эл аралык федерациясынын вице президенти (2015- жылы).