Шаарда жарыктын жоктугунан эгиздер чарчап калдыбы? Министрликтин жообу

Кыздардын бирөө 29-январда, экинчиси эртеси таңда чарчап калган
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык перинаталдык борборунда электр энергиясы иштебей калгандыктан жаңы төрөлгөн эгиз кыздар чарчап калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Колдон колго" коомдук фондунун директору Алена Конорева билдирди.

"Биз ооруканага саат 14.00дө барсак жарык жок, коридор караңгы, бөлмөлөр аябай суук болчу. Бир аял айына жетпей эгиз төрөптүр. Туугандары ымыркайларды жасалма дем алдыруу аппаратына жаткырууну сураса, ооруканада электр энергиясы үзгүлтүккө учурагандыктан, ага салуу мүмкүн эместигин айтышкан", — деди Конорева.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы аталган фактыны тастыктап, бирок окуя башкача болгонун маалымдады.

Эрте жана кеч төрөсө эмне болот? Гинекологдун кеңеши
"Шаардык перинаталдык борборунда электр энергиясы өчүп калса дароо иштей турган генератор бар. Ал дайым иштеп турат. Келин 700 грамм салмактагы эгиз кыздарды төрөгөн. Энесинде I даражадагы аз кандуулук, HBS антигени жана ичинде суу көп болгон. Ушундан улам ымыркайлар ара төрөлүп, абалдары өтө оор деп бааланган", — деп министрликтен билдиришти.

Ошондой эле ымыркайлар дем ала албай калгандыктан абалы начарлап кеткени айтылат. Кыздардын бирөө 29-январда, экинчиси эртеси таңда чарчап калган.