Бишкектеги бир катар базарларда өрткө каршы рейд жүрдү

Рейд тийиштүү кызматтардын катышуусу менен өткөн
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь районундагы "Орто-Сай" соода комплекси өрт коопсуздугуна карата рейдден өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Келгиче эле 1 млн. сомдук товарым күйүп кетти... Таң эрте соодагерди өксүткөн өрт
Рейд учурунда комплекстин ичиндеги "Оберон", "Кулун Ата", "Зима-Лето" жана муниципалдык жашылча базарларына өрт коопсуздугун тыкыр сактоо боюнча эскертүүлөр берилген.

Ошондой эле өрт өчүрүүчү каражаттардын абалы текшерилген.

Бишкек мэриясы жарандарды этият болуп, өрт коопсуздугун сактоого чакырат.

Белгилей кетсек, 30-январда "Ош" базарындагы "Сейтек" комплексинде өрт чыгып, 118 соода күркө күйүп кеткен. Өрт толугу менен 8,5 сааттан кийин өчүрүлгөн.