Өкмөт: Бишкекке толук кандуу жылуулук саат 16.00дө берилет

26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бүгүн, шейшемби күнү саат 16.00дө Бишкек шаарына толугу менен жылуулук берилээри күтүлүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөт башчынын маалымат катчысы Урмат Кабылова кабарлады.

"Бишкек ТЭЦи штаттык режимде иштей баштады. Бүгүндөн баштап шаардыктар үйлөрүнө толугу менен жылуулук берилет", — деди Кабылова.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жаракат кеткени белгилүү болгон.