Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогу Бишкекке да алып келинет

Андан соң негизги кубок Душанбе шаарына барат
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. 2018-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогу Бишкек шаарында 2-3 саатка алып келинерин уюштуруучулар билдирди.

Өзбек бийлиги Азия чемпионатын жеңген футболчуларына Malibu унаасын белек кылды
Кубок борбор калаага 5-февралда келет. Ал Hyatt мейманканасында FIFA өкүлдөрү менен биргеликте журналисттерге көрсөтүлөт. Аны КР Футбол федерациясы жана Coca Cola компаниясы уюштурууда.

Бул тур былтыр сентябрь айында Россияда башталган. Кубок дүйнө жүзүндөгү төрт континенттеги 50дөн ашык мамлекетте болуп, 126 миң чакырымды басып өтөт.

Кубок Бишкекке келгенден кийин Душанбеге барат.