БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бүгүн Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда жаңы курулган эки операциялык зал ачылды. Бул маалыматты аталган мекеменин жетекчиси Сабырбек Жумабеков тастыктады.
Биринчи зал омуртка хирургия боюнча иш алып барып, бир жылда 1200дөн ашык омурткага операция жасалат.
Экинчи залда чоң муундарды алмаштыруу (жамбаш, тизе, ийин, чыканак жана башкалар) боюнча иш жүргүзүлүп, жылына 1500дөн ашык операция жасалат.
"Бейтаптарды кабыл алуу бөлүмү менен эки операциялык залды салууга колдоо көрсөткөн калаа мэри Албек Ибраимовго, вице-мэр Айгуль Рыскуловага жана заманбап техника менен камсыздап берген министр Талантбек Батыралиевге ыраазычылык билдиребиз. Биринчи операцияны өзүм жасадым," — деди Жумабеков.
Ортопед Сабырбек Жумабеков тууралуу 10 фактыны Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>