Башкы прокуратура Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча кылмыш ишин козгоду

Учурда иликтөө иштери тийиштүү органдарга тапшырылды. Анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Бишкек ТЭЦинин тегерегиндеги чуу боюнча премьер-министрдин кайрылуусунан кийин Кылмыш жана жаза кодексинин 316-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш ишин козгоду.

"Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети, Улуттук энергохолдинг, "Электр станциялар" ААКсы, Бишкек ТЭЦи өкмөт бекиткен иш планын толук кандуу аткарган эмес. Мунун артынан ТЭЦтин ишинде тоскоолдуктар жаралып, ал өз убагында оңдолгон жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөт: Бишкекке толук кандуу жылуулук саат 16.00дө берилет
Учурда текшерүү жана иликтөө иштери тийиштүү органдарга тапшырылды. Жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылары айтылды.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жаракат кеткени белгилүү болгон.