Аялдарды төшөк мамилесин ойлонууга эмне жетелейт? Окумуштуулардын иликтөөсү

Саара жана Льежск университеттеринин биологдору чычкандардын эмоцияга жана сексуалдык адаттарга жооп бере турган мээ бөлүгүн изилдеп чыгышкан
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Германия менен Бельгиянын окумуштууларынан турган топ карама-каршы жыныстагы адамга болгон кызыгууга кисспептин деп аталган гормондор себепчи болорун айтты. Бул туурасында РИА Новости Science Daily басылмасына шилтеме кылып маалымат жарыялады.

Кисспептин — адамды тукумсуздуктан коргой турган гормон.

Саара жана Льежск университетинин биологдору чычкандардын эмоцияга жана сексуалдык адаттарга жооп бере турган мээ бөлүгүн изилдеп чыгышкан. Илимпоздор андан кисспептин гормондорун кабыл алуу жөндөмдүү нейрондорду тапкан. Алар нейрондорду активдештирип, тажрыйба жүргүзүлүп жаткан чычкандарга байкоо салып, жаныбарлар өтө активдешип, каршы жыныстагыларына көбүрөөк көңүл бура баштагандыгын аныкташкан. Андан сырткары, чычкандардын кооптоно берүү деңгээли төмөндөгөн.

Түгөйлөр эмне үчүн бири-биринин көзүнө чөп саларын эксперттер аныктады
Жыйынтыгында ургаачы чычкандарда киссептиндин көп иштелип чыгып, активдешүүсүнө эркек чычкандардын бөлүп чыгарган феромондор себепкер экени айтылган. Феромондор — жаныбарлардын өз түрүнө мүнөздүү башкалардын жүрүм-турумуна жана физиологиялык абалына өзгөчө таасир этүүчү сырткы айлана — чөйрөгө бөлүп чыгарган биологиялык активдүү заттар. Грекчеден которгондо phero – алып жүрүүчү, hormao – кыймылга келтирүү, дүүлүктүрүү дегенди билдирет. Изилдөөнүн авторлорунун бири Ульрих Бемдин айтымында, бул ачылыш сексуалдык оорулардан жапа чеккен аялдарды дарылоого жардам берет.

Буга чейин медиктер кисспептинди жыныстык жактан жетилүүгө жана төрөөнү жөнгө салган норманы байланыштырып келишкен.

"Жакынкы мезгилдерге чейин мээ овуляция менен сексуалдык кызыгууну байланыштырарын анча жакшы ача албай келгенбиз. Эми бул процесстерди мээнин башка жагында орун алса да бир гана молекула башкараарын түшүндүк", — деп айтылат маалыматта.

Бул темага келе турган болсок, буга чейин окумуштуулар төшөк мамилеси уйкуга кандай таасир этерин иликтеп чыккан.