БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкек борбордук жылуулук тармагы (ТЭЦ) мындай катуу суукка ылайыкталган эмес. Бул тууралуу ТЭЦтин мурдагы директору Лев Васильев билдирди.
Анын айтымында, жылуулук түйүндөрү —23 градуска ылайыкталган. Бирок акыркы күндөрү термометрдин көрсөткүчү —27ге чейин түштү.
"ТЭЦтин кызматкерлери колунан келгенден да көп нерсе жасап жатышат. Мүчүлүштүк күндүн кескин сууктап кетишине байланыштуу. Учурда тийиштүү иштердин бардыгы жасалууда. Талкаланып, жарактан чыгып калган жери жок", — деди ал.
Васильев жаңы агрегаттар толук кандуу иштеп жатканын белгиледи. Кандай кырдаал болбосун ТЭЦ ишин токтотпойт.
"Бардык сегиз буу казандын иштен чыгып калышын элестетүү кыйын. Андай болушу мүмкүн да эмес. Себеби энергетиктер айласын таап кете турган жолдор бар", — деди ал.
26-январдын кечинде Бишкек жылуулук берүү борборунда (ТЭЦ) авария болуп, кубаттуулугу 340дан 154 мегаваттка төмөндөгөн. Натыйжада калаа тургундарынын үйү сууктай түштү.
27-январдын кечинде өкмөттүн маалымат кызматы ТЭЦтеги абал жөнгө салынганын маалымдаган. Бирок көпчүлүк калаа тургундары бүгүнкү күнгө чейин үйлөрү жылыбай жатканын айтып нааразы болушууда.
Күн качан жылый турганын синоптиктер айтып берди.