БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Катуу суук мамлекеттик мекемелердин ишин токтотууга негиз болбойт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Кыргызгидромет жана ӨКМ өлкө аймагында 25-январдан 30-январга чейин катуу суук болорун айткан. Мындан улам Билим берүү жана илим министрлиги депутаттардын демилгеси менен 26-январдан тарта Кыргызстандагы мектептерде окуу процесси токтотулганын кабарлаган.
Ошондой эле ызгаар суукка байланыштуу мэрия 29-30-январь күндөрү Бишкек шаарындагы бала бакчалар да иштебей турганын айтты.
Бүгүн Бишкек шаарында Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык абанын температурасы —13…-15 градусту көрсөтүүдө.
Мындан тышкары мекеме февралдан тарта күн жылый турганын кабарлады.