Жакында эле аталган иш-чараны уюштуруучулар төртүнчү ирет өткөрүштү.
Аземдин өтүшү тууралуу пикирлерди "Тopsport.kg" сайтынын жетекчиси, "Sports Awards" долбоорунун автору Динара Орозбаева айтып берди.
— Спортчуларды сыйлоо аземин төрт жылдан бери өткөрүп келесиздер. Быйылкы "Sports Awards-2017" эмнеси менен өзгөчөлөнүп, эмнеси менен эсте калды?
— Быйыл биз чоң эксперимент жасадык. Иш-чарабыз Улуттук олимпиада комитети менен Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентттиктин колдоосу астында өттү. Биринчи жолу спорт тармагында бирдиктүү борборлошкон сыйлоо салтанаты болду. Эми быйылкы экспременттик иш-чараны ар тараптан анализдеп, кийинки жылы кандай боло турганын чечебиз.
— Сыйлоо аземинен кийин социалдык тармактарда нааразы болгон спорт күйөрмандары да болду. Алар "айрым спортчулардын жыйынтыгын күткөн эмеспиз, тандоо таза өткөн жок" деген пикирде. Дегеле мыктыларды кандай жол менен тандагансыздар?
— "Жылдын мыктысы" аталбай калган спортчулар же алардын тарапташтары нааразычылыгын билдирген учур болдубу?
— Жок, болгон жок. Жогоруда айтылгандай, биз баары таза жана адилеттүү болушу үчүн бардык шарттарды түзгөнгө аракет кылдык. Эксперттик комиссияга кирген инсандардан да жүрөгү менен калыс добуш берүүсүн сурандык. Бизге спорттук федерациялар жана функционерлер мамлекеттик мекеме менен кызматташпай өз алдынча өткөрүү сунушун киргизишти. Алар мындай сынактарды көз карандысыз коомдук уюм өткөрсө туура жана адилетүү болот деп айтышууда.
— Бул долбоордун идеясы кантип жаралды?
— Эки жыл мурда ЖМКларга берген маектердин биринде "долбоордун алкагында чет өлкөдөн атактуу спортчуларды чакырып, чоң шоу уюштуруу оюбузда бар" деп айтыпсыз. Бул план качан жүзөгө ашат жана мүмкүнчүлүк болсо кайсыл спортчуну чакырмаксыз?
— Буюрса эмки иш-чарабыз чакан маараке болот десем болот. Долбоор бешинчи ирет өтөт. Даталуу болгондугуна байланыштуу өзгөчөлүк киргизип, дүйнөгө таанымал спортчуну сыйлуу конок катары чакырууну пландаштырганбыз. Азырынча кайсы спортчуну чакырууну аныктай элекпиз. Анын баарын ата-мекендик спортубуздун суроо-талабына ыңгайлаштырып карап чыгабыз.
— Жакында эле Бишкеке UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов келди. Бул тууралуу кандай пикирдесиз?
— Бул чоң жаңылык болду. Мени кубандырганы — коомчулуктун көңүлү спортко ашыкча бурулуп, ар кандай талкуулар жүрүп жатканы болду.
— "Тopsport.kg" — Кыргызстандагы биринчи кыргызча спорттук сайт. Коомчулук канчалык деңгээлде спорттук маалыматтарга кызыгат? Жамаат көздөгөн максатына жетип жатабы?
— Өзүңүз спорттун кайсы бир түрү менен машыгасызбы?
— Спорттун бир түрү менен машыгам деп айта албайм, бирок ден соолугум үчүн фитнес жана бассейнге барып турам.
— Спортчулар тууралуу ой-пикириңиз?
— Спортчулар бүгүнкү күндүн баатырлары деп айтып келем. Ал эми кыргыз илгертен баатыр эл катары сыпатталат. Спорт кыргыздын канында бар. Бүгүнкү күндө баатырлардан уучубуз куру эмес. Спорт менен машыккандар көбөйсө деген тилегим бар. А биз аларга колдоо көрсөткөнгө колдон келген аракетибизди жумшайбыз.