Күн качан жылый баштайт? Кыргызгидрометтин маалыматы

Бир нече күндөн кийин аба ырайы өзгөрүп, жылый баштайт
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бир жума аралыгында, болжол менен 5-6 февралда, абанын температурасы 0 градуска жетип, андан соң акырындап жогорулай баштайт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызгидромет кызматынан айтып беришти.

Синоптиктер Бишкекте өткөн түн абдан суук болуп, аба –27 градуска чейин түшкөндүгүн билдиришти. Бүгүн түнү да суук абдан катуу болуп, андан соң акырындап көтөрүлө баштайт.

"Алдын ала алган маалыматтарыбызга караганда, 1-2-февраль күндөрү күндүз –5…–6 болот. Ал эми келерки жумада, тагыраагы 5-6-февралда, термометр 0 дөн +5 градуска чейин көтөрүлөт", — деп билдиришти Кыргызгидрометтен.

Аталган жайдан Ысык-Көл менен Нарында суук күчөй тургандыгын кошумчалашты.

Баса, суукка урунуп албоонун жолдорун биле жүрүңүз.