Жекшемби күнгө карата аба ырайы

Эң катуу суук Нарын, Талас жана Чүй облусунда болот
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. 28-январда Бишкек шаарында түнкүсүн —25, күндүз —18 градуска чейин суук болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ал эми Ош шаарында түнкүсүн —13 градус суук, күндүз абанын температурасы —3 градуска чейин төмөндөйт.

Чүй жана Талас өрөөнүндө түнкүсүн —20…-25, күндүз —18 градус суукка чейин жетет.

Ызгаар уруп, чилде чыкылдайт! Жакынкы күндөрү суук 45 градуска жетери айтылды
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө —16, күндүз —6 градус суук болот.

Ысык-Көлдө —21 градуска чейин аяз болсо, күндүз 9 градуска чейин төмөндөйт.

Нарында ызгаар —27 градуска чейин жетсе, күндүз —18 градуска суук болот.