БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы тургундарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.
Белгилей кетсек, Кыргызгидромет 26-январдан 29-январга чейин Кыргызстанда катуу суук болорун эскерткен.
Ишкананын маалымат кызматы чыңалууну жана жабдыктардын иштен чыгуусуна алып келбөө үчүн электр энергиясын саат 8:00дөн 9:00гө жана 19:00дөн 22:00гө чейин өзгөчө үнөмдөөгө чакырып, альтернативдүү жылуулук булагын колдонууну сунуштайт.
Ошондой эле суук чыкканга чейин муктаждык болбогон тиричилик жабдууларын колдонбой турууну суранат.
Белгилей кетсек, 26-январда кечик саат 18:00дө Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарына суу берген куур иштен чыгып, кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган болчу.