Бишкек ТЭЦиндеги авариядан улам ыкчам штаб түзүлдү. Ага кимдер кирди

Өкмөт башчы түзүлгөн кырдаалга карабай Бишкек шаарынын тургундарына, өзгөчө социалдык объектилерге жылуулук берүүдө көйгөй жаралбашы керектигин баса белгиледи
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарынын иштебей калышы боюнча ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкек ТЭЦтеги авария. Учурда эмне болуп жатат
Биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев ТЭЦти барып көрүп келгенден кийин өкмөт башчыга маалымат берип, эски буу казандарга суу берген куурдун иштен чыгышы менен шаар тургундарына жылуулук берүү начарлаганын билдирди.

Исаков түзүлгөн кырдаалга карабай Бишкек шаарынын тургундарына, өзгөчө социалдык объектилерге жылуулук берүүдө көйгөй жаралбашы керектигин баса белгиледи.

Премьер ошондой эле түзүлгөн кырдаалды жөнгө салып, калаа тургундарына жылуулукту кыска мөөнөттө берүү үчүн Шадиев башында турган ыкчам штаб түзүүнү тапшырды.

Анын курамына киргендер:

— Албек Ибраимов, Бишкек мэри;

— Улан Рыскулов, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

— Талантбек Батыралиев, саламаттык сактоо министри;

— Канатбек Муратбеков, экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

— Айбек Калиев, "Улуттук энергетика холдинги компаниясы" ААКтын башкаруусунун төрагасы;

— Узар Кыдырбаев, "Электр станциялары" ААКтын башкы директору;

— Медетбек Айткулов, " Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү " ААКтын башкы директору;

— Искендер Кадыркулов, "Түндүк электр" ААКтын башкы директору;

— Эркин Абдыкалыков, "Бишкекжылуулуктармактары" ААКтын башкы директору.

ТЭЦтеги авариядан улам Бишкек шаарындагы абал боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>