Сапар Исаков үйү жылыбаган шаардыктарга жууркан таратууну тапшырды

Өкмөт башчы Экотехинспекциянын башчысына чукул түрдө ТЭЦтеги авариянын келип чыгуу себебин иликтөөгө алуусун тапшырган
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 27-январда шашылыш түрдө Бишкек ТЭЦке барып түзүлгөн кырдаал менен жеринен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, өкмөт башчы Мамлекеттик экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбековго чукул түрдө ТЭЦтеги авариянын келип чыгуу себебин иликтөөгө алуусун тапшырды.

"Кышында, болгондо да ызгаар суукта ТЭЦтин ишин үзгүлтүккө учураткандар жазасын алышы керек", — деп айткан Исаков.

ТЭЦ жетекчиси: бүгүн кечинде жылуулук берилери айтылган, бирок жетишпей жатабыз
Ал ошондой эле ыкчам түрдө жылытуу пункттарын жана ысык тамактарды уюштуруп, Бишкекте жана жакынкы райондордо жашаган муктаждарга жууркан таратуу иштерин жүргүзүү тапшырмасын берген. Ал үчүн тийиштүү каражаттар бөлүнүп берилди.

Белгилей кетсек, 26-январда саат 18:00дө "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы буу казандарга суу берчү куурлар иштен чыгып кубаттуулугу 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген.

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦинин эски буу казандарынын иштебей калышы боюнча жыйын өткөрүп, түзүлгөн кырдаалдан улам биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев башында турган ыкчам штаб түзүлгөн.