Бишкектин ооруканалары суук болгондуктан жылыткыч сайылууда

Борбор калаадагы ТЭЦте 26-январь күнү кечинде авария болгон
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкектин медициналык борборлору ТЭЦтеги аварияга байланыштуу жылыткычтарды иштете баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

26-январда "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги чыңалуу эски казан мештерге суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, министр Талантбек Батыралиев ооруканаларды кыдырып жатат.

"Министр эртең менен Улуттук госпиталга барды. Ооруканадагы температура бир аз түшкөн. Бул көйгөйдү жылыткычтарды иштетип чечип туралы. Жылуулукту сактоо боюнча бардык аракеттерди көрөбүз, өзгөчө борбордук жылуулук системасына кошулган төрөт үйлөрүндөгү жылуулукту сактоо кажет", — деп айтылат маалыматта.

"Электр станцияларынын" маалымат кызматы 26-январда кечинде болгон авария 27-январдын таңында да жөнгө салына электигин маалымдады.

Бишкек ТЭЦинде болгон авария жана учурда борбор калаада эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.