Мэр Албек Ибраимов: үтүк, кир жуучу машиналарды иштетпей тургула

26-январда "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги казан мештерге суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Борбор калаанын мэри Албек Ибраимов Бишкек ТЭЦиндеги абалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырды.

Анын айтымында, температура эски жылуулук агрегаттарында төмөндөп кеткен.

"Учурда кырдаалды жөнгө салуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Ысык суу чыгат деген үмүт менен жылуулук тармактарындагы сууну агызбоого чакырат элем. Ошондой эле үтүк, кир жуучу машиналарды иштетпей тургула. ТЭЦтин комиссиясы иштеп жатат. 6-7 сааттан кийин температура нормага келет", — деди Ибраимов.

ТЭЦтеги авария боюнча маалымат жыйын аяктады
Мэр авария эски казан мештеринде болгонун белгилөө менен кварталдык комитеттерди подьезддерди жылуулоого чакырды.

26-январда "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги чыңалуу эски казан мештерге суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген. Ишкананын маалымат кызматы 26-январда кечинде болгон авария 27-январдын таңында да жөнгө салына электигин маалымдады.