Бишкектин кайсы аймактарында жарык жок? Болжолдуу тизме

Социалдык тармактын колдонуучулары алар жашаган аймактарда электр жарыгы өчүп жатканын билдиришүүдө
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы борбор калаада кечки жүктөм маалы башталгандыктан бир катар аймактар жарыксыз калганын билдирди.

Ага ылайык, Бишкек шаарындагы "Асанбай", "Тунгуч", "Көк-Жар" кичи райондорунун бир катар бөлүктөрүндө электр жарыгы өчкөн.

"Учурда жарык өчкөн аймактарда атайын бригадалар иштеп жатат. 1-2 сааттын ичинде тургундарга свет берилет", — деп "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

ТЭЦ жетекчиси: бүгүн кечинде жылуулук берилери айтылган, бирок жетишпей жатабыз
Компаниянын маалыматы боюнча учурда электр энергиясы кичи райондордо көп колдонулууда.

Эгер жарык өчүп калса ишкананын 1209 бирдиктүү номерина чалууга чакырат.

Белгилей кетсек, Социалдык тармактын колдонуучулары Telegram тиркемесиндеги "Бишкек сегодня" тайпасына Токтаналиев көчөсүндө, "Миң-түркүн" дүкөнү жайгашкан аймакта жана "Ататүрк" паркынын аймагында жарык өчүп калганын билдиришкен.

Буга чейин "Түндүк электр" ишканасы суук күндөрү муктаж болбогон тиричилик каражаттарын колдонбой турууга чакырып, электр энергиясын үнөмдөөнү сунуштаган болчу.