БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айында "АКА минералз энд майнинг" аттуу компания MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" жоопкерчилиги чектелген коомун сатып алуу сунушун бергенин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан маалымдашкан.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган компания качан, кайда катталып, кимге караштуу экенин иликтеп чыкты.
Бир күндө аты менен заты өзгөргөн компания
Жалпак тил менен айтканда, бул компания буга чейин IT-тармагында иштеп көргөн эмес. Эгер сүйлөшүүлөр оңунан чыкса MegaCom алардын маалыматтык технология тармагындагы биринчи тажрыйбасы болмокчу.
Таштанды үчүн төлөнгөн 100 сом
Ачык бюджет порталындагы маалыматка караганда, "АКА Инвест" болуп өзгөргөн "АКА минералз энд майнинг" ишканасы 2015-жылы таштанды үчүн 100 сом төлөгөн. Ошол эле жылы Мамлекеттик геология агенттигинин эсебине аукционго катышуу үчүн 6 миллион 121 миң 950 сом кепилдик каражатын которгон.
Бирок Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рысбек Токтоналиев аталган каражат кайра эле компанияга кайтарылып берилгенин билдирди.
"Аталган компания 2015-жылдын 16-октябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан "Терек" кенинин "блок — XVII-C1" деген түштүк участогундагы сурьма чыккан жерин иштетүү үчүн аукционго катышкан. Лицензиянын баасы 100 миң доллар болчу", — деди Токтоналиев.
Анын айтымында, кытайлык "Хуасинь" компаниясы 130 миң доллар сунуштап аукционду жеңип алган. Ал эми "АКА минералз энд майнинг" 110 миң доллардан ашык сумма сунуштабаганы үчүн жеңилген.
ЖМКда аты аталган Нурмамэт Кудрэт деген ким?
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка таянсак, MegaCom компаниясына көз кырын салган "АКА минералз энд майнинг" (азыркы "АКА Инвест") ишканасын Германиядан каттоодон өткөн "АКА петролеум" ЖЧКсы менен Касым Курбанов аттуу Кыргызстандын жараны түзгөн.
Маалыматты тактоо максатында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары AKA Petroleum компаниясынын сайтында көрсөтүлгөн номерлерге чалып байланыша алган жок.
Анткен менен Global Company Intelligence аттуу эл аралык компаниялардын маалымат базасында münchen AKA Petroleum түзүлгөндөн (2014-жылдын 8-майында) бир жарым жыл өткөндөн кийин эле компания жетекчиси Нурмамэт Кудрэт иштен кетип, анын ордуна Дубайда жашаган 53 жаштагы Абдукадыр Хабибула (Abdukadyr Khabibula) дайындалганы көрсөтүлгөн.
Ошондо компаниянын чыныгы жетекчиси ким? ЖМКларда байма-бай ысымы аталып жаткан Нурмамэт Кудрэтпи же башкабы деген сыяктуу бир катар суроолорго жооп алуу үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна кайрылганыбызда маалымат кызматынын өкүлү Махабат Мансурова ведомство азырынча бул компания тууралуу эч кандай маалымат бербей тургандыгын айтты.
Ал эми Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов Нурмамэт Кудрэт немец жарандыгын алган кытайлык уйгур экенин тастыктап, бирок толук маалыматты "Акылдуу шаар" долбоорун "АКА минералз энд майнинг" менен биргеликте ишке ашырганы жаткан кытайлык Huawei компаниясынан тактоону сунуштады.
Бул арада Sputnik Нурмамэт Кудрэттин өзү менен байланышка чыкканы менен ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Бирок AKA Petroleum компаниясынын башчысы эместигин, болгону менеджмент тармагын жетектей турганын ырастады. Ал эми ишкананын азыркы директору ким экенин атоодон баш тартты.
(Белгилей кетчү жагдай, Facebook баракчасына Абдукадыр Хабибула деген ысым менен катталган адам AKA Petroleum ишканасынын жетекчиси эмес, башка адам болуп калышы дагы мүмкүн)
Баса, "АКА минералз энд майнингди" түзгөн дагы бир жаран Касым Курбанов менен Sputnik агенттигинин кабарчылары байланышты, бирок ал дагы комментарий берүүдөн баш тартып койду.
АКА Petroleum алгачкы бизнесин Кыргызстандан баштаганбы
Германиянын ишканалар реестринин расмий сайтындагы маалыматка караганда, AKA Petroleum 2014-жылдын 8-майында немец шаары Мюнхенде Kronstadter Str. 1, 81677 дареги боюнча катталган. Анын уставдык капиталы 25 миң еврону түзөт.
Ишкананын негизги багыты — пайдалуу кен казуу, газ, мунай өндүрүү, сактоо, бөлүштүрүү, пайдалануу жана капиталдык салымдын бардык түрүн алуу. Кийинчерээк эксплуатация, мейманканаларды ижаралоо жана лизинг менен дагы алектене баштаган.
Кийин Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан "Кассан" сурьма кенин иштетүүгө жарыяланган аукциондо 4 миллион 521 миң доллар сунуштап жеңип алган.
"Терексай жаштары" 2014-2017-жылдар аралыгында мамлекетке 274 миллион 932 миң 772 сом салык төлөгөн.
Белгилей кетсек, АКА Petroleum "Терексай жаштары" компаниясын Чолпон Элмуратова аттуу жаран жана Синьзянь эл аралык "Бизниснур" соода ЖЧКсы менен биргеликте түзгөн. Ал эми Токтосун Туманбаев деген киши ишкананын директору болуп эсептелет. Ушул эле адам турак жай куруу менен алектенген "Спец Гидро Строй" ЖЧКсынын түзүүчүсү болуп эсептелет.
MegaCom жетекчилиги эмне дейт
"Альфа Телеком" жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Азат Базаркулов аталган компания тууралуу азырынча эч кандай маалыматы жок экенин айтты.
"MegaCom компаниясы "Ака минералз энд майнинг" ишканасына презентация өтүп бере элек. Себеби презентация учурунда аларга көп маалыматтарды ачып беришибиз керек болот. Ал үчүн алар сырды сактоо боюнча келишимге кол коюшу керек. Азырынча мындай келишимдер кабыл алына элек", — деди Базаркулов.
Анын айтымында, Мамлекеттик мүлк фондусу MegaCom компаниясына мамлекеттин атынан акционер болгондуктан эки тараптуу сүйлөшүүнү, сунуш түшкөн тараптын ишенимдүүлүгүн текшерүү милдеттерин тийиштүү органдар менен биргеликте өзү аткарат.